Dubai Unlocked: Тажик премьер-министринин аялы Дубайда эки виллага ээлик кылат

  • 2 месяца мурун

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борборунун (OCCRP) эксперттери Dubai Unlocked долбоорунун алкагында Дубайда Тажикстандын премьерминистри Кохир Расулзоданын аялы Икболхон Нозированын кыймылсыз мүлктөрү бар экенин аныктап чыгышты.

Документтерге ылайык, Нозирова Mira Oasis 3 турак жай комплексиндеги 1 миллион 436 миң доллардан ашык суммага бааланган эки виллага ээлик кылат. Борбордун эксперттери бул мүлктөр сатылып алынган каражаттын булагы белгисиз экенин белгилешүүдө.

Икболхон Нозирова буга чейин маданият мекемелеринде иштеген. Күйөөсү Согд облусунун башчысы болуп турган жылдары ал Хожент шаарындагы «Кохи Рудаки» маданият борборун жетектеген. Кохир Расулзода Душанбеге которулгандан кийин анын кайсы жерлерде иштегени белгисиз.

63 жаштагы Кохир Расулзода Тажикстандын премьер-министри болуп 2013-жылдын ноябрь айында дайындалган. Ага чейин мелиорация жана суу ресурстары министри, Согд облусунун төрагасы кызматтарын аркалап, Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын депутаты болгон.

OCCRP’нин Dubai Unlocked долбоору Дубайдагы кымбат баалуу мүлктөрдүн ээлери жөнүндөгү маалыматтарды ачыкка чыгарат. Дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнөн топтолгон журналисттер Дубайдагы миңдеген кыймылсыз мүлктөр жөнүндө ачыкка чыгып кеткен маалыматтарды анализдешкен. Документ негизинен 2020чы жана 2022-жылдарда түзүлгөн сатып алуу келишимдерин камтыйт.

2022-жылы OCCRP’нин иликтөөчүлөрү Швейцариянын Credit Suisse банкында Тажикстандын мурдагы айыл чабра министри, Согд облусунун жана Гиссар шаарынын экс-башчысы Косим Рохбардын атына ачылган банк эсеби бар экени аныкталганын билдиришкен. Алардын айтымында, Рохбардын эсебинде 2004-жылдан 2011-жылга чейин 10 миллион долларга чукул акча турган.

OCCRP 2018-жылы «Тажик темир жолдору» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы Амонулло Хукумовдун үй-бүлөсү Чехиянын курорттук аймактарында жалпы баасы 10,6 миллион доллардан ашкан алты кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын аныктаган. Ошол эле иликтөөдө Хукумовдордун Москва шаарында да 1,1 миллион долларлык батири бар экени белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты