ДССУ башчысы: Өмүрдөн айрылганча майрамдабай койгон жакшы

  • 2 года мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун «омикрон» штаммынан сактануу үчүн адамдарды алдыдагы майрамдарга пландарды кайрадан карап чыгууга чакырды.

Коронавирустун жаңы штаммы башкаларына салыштырмалуу кыйла тездик менен жайылып, эмдөөдөн өткөн жана ооруп айыккан адамдарга да жугуп жатат. Өмүрдөн ажырагыча майрамдабай, иш-чараларды өткөрбөй коюу жакшы, — деди ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус Женевада өткөн брифинг маалында.

Ноябрдын аягында Түштүк Африка республикасында аныкталган «омикрон» дүйнөнүн ондогон өлкөсүнө жайылды. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, анын көптөгөн мутациялары бар. Ал башка штаммдарга салыштырмалуу тездик менен жайылып, эмделген жана коронавирустан айыгып чыккан адамдардын иммунитеттерин айланып өтүүгө жөндөмдүү.

Коронавирустун «омикрон» штаммынан улам бир катар өлкөлөр карантиндик чектөөлөрдү күчөттү. Нидерланд «омикронго» байланыштуу локдаун киргизген дүйнөдөгү алгачкы өлкө болуп калды. Данияда театрлар, көңүл ачуу жайлары жана музейлер жабылды. Франция менен Германия чет өлкөлөрдөн келгендер үчүн карантиндик чектөөлөрдү киргизди. Лондондун мэри Трафальгар аянтындагы майрамдык иш-чараларды өткөрбөө чечимин кабыл алды.

АКШнын президенти Жо Байден «омикронго» байланыштуу өлкөдө локдаун киргизилбей турганын билдирди. Буга чейин Кошмо Штаттардын жугуштуу оорулар боюнча башкы дарыгери Энтони Фауки Рождество майрамындагы жарандардын сапары вирустун жайылуусун тездете турганын эскерткен.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты