“Долпран” алтын кенинин башкы директору кармалды
- 7 месяцев мурун
Өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы боюнча Чүй облусунун Кемин районундагы “Долпран” алтын кенинин башкы директору кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
“Долпран” алтын кенинин башкы директору, Кытай жараны Т.Д. тарабынан “Кемин Ресурс Групп” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганы айтылат.
Маалыматта белгиленгендей, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кемин районунда жайгашкан “Долпран” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө экологиялык зыян келтирилген-келтирилбегенин аныктоо үчүн Жаратылыш ресурстары министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматынын арасынан текшерүү комиссиясы түзүлгөн.
Комиссиянын жыйынтыгында, аталган “Долпран” кенинде экологиялык мыйзам бузуулар аныкталган: 14398, 6 чарчы метр жер бети талкаланган, техникалык долбоор аткарылган эмес, жер бузулган, лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган эмес, резервдер комиссиясына жалган маалыматтар берилгендиги аныкталган. “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын талаптары бузулган, ошондой эле “Кооптуу өнөр жай объектилеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” мыйзамынын жана “Ачык карьердик казып алуунун өндүрүш процесстеринин коопсуздугу эрежелеринин” бузулушу аныкталган.
Мындан тышкары экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, “Долпран” кенинин ишмердүүлүгү өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
Мындан улам, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 20-ноябрда алтын кен казуучу компаниянын башкы директору Т.Д. кармалган. Ал Бишкек шаарынын Октябрь районунун сотунун чечими менен УКМКнын тегөө абагына киргизилген.




