«Диалог» маданият үйүндө Карылар күнү белгиленди

  • 8 месяцев мурун

Кечээ, 28-сентябрда Бишкектеги «Диалог» маданият үйүндө Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Концерттик программада «Алексис» хореографиялык тобунун «Күзгү вальсы», «Сувенир» жана «Радуга» ансамблдеринин аткарууларынан тышкары, «Эсмеральда» фламенко студиясынын бийи жана мастер-классы көрсөтүлдү.

Иш-чарада катышуучуларга фламенко студиясына акысыз машыгуу сертификаты жана спектаклге билет тапшырылды. Майрам бий кечеси менен жыйынтыкталып, коноктор көңүлдүү маанайда баарлашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты