Депутаттар чек ара жаңжалынан жабыркагандар үчүн Ош шаарында кан тапшырышты

  • 2 года мурун

Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Козуев, Жылдыз Таалайбек кызы, Эмил Жамгырчиев жана Фархат Исмаилов мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн Ош облустук кан борборуна барып, кан тапшырышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда аталган депутаттар Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан Ош шаарында түзүлгөн штабда иш алып барышууда. Анда эл өкүлдөрү гуманитардык жардам жөнөтүүгө көмөктөшүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте керектүү иштерди жүргүзүүдө. Мындан тышкары эвакуацияланган жарандар менен жолугушуулар өтүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Бүгүн саат 12:37де тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чек арадагы чырда 122 адам жабыркады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты