Депутат Кожокулова камалган журналисттер боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады

  • 6 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова жапырт камакка алынган журналисттердин иши боюнча парламенттин кийинки отурумунда Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Башкы прокуратуранын маалыматын угуу сунушун берди.

Ал Кыргызстанда мындай жапырт камоолор өнөкөткө айланып баратканын Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында айтты.

Ушул эле күнү парламенттин дагы эки депутаты Сеид Атамбаев менен Балбак Түлөбаев журналисттердин иши боюнча маселе көтөрүп, Түлөбаев президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен диологго барууга чакырды.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин камакка алган.

Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Сүрөттө: Депутат Гуля Кожокулова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты