Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүүгө барды

  • 7 месяцев мурун

Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүүгө барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-январда УКМК Жогорку Кеңештин төрагасына жана «Альянс» парламенттик фракциясынын лидерине депутаттын тергөө амалдарына  катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. Жамгырчиев жактоочусунун катышуусу менен шектүү катары сурак берип чыкты.

10-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокуратурага депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүгө макулдугун берген.

Камчыбек Ташиев чек араны мыйзамсыз кесип өтүү бул оор кылмышка кирбестигин, бул боюнча жарандар камалбай турганын айткан. «Чек араны мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча эч ким камалбайт» деди УКМК төрагасы Ташиев.

Эки жума мурун Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча комиссия түзүлгөн. Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирген. Кийин Султанбай Айжигитов комиссия курамынан чыгып, анын ордуна Винера Райымбачаева кирген.

Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат бергендиги маалымдалган.

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев келтирген. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын айтымында, депутатка кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Эмил Жамгырчиев “чек араны мыйзамсыз өттү” дегенге макул эместигин, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө зарылчылык болбогонун айткан. 

УКМК тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө келгенде Жамгырчиев фракциялашынын кабинетине кирип, 2-кабаттагы терезеден секирип түшкөнү айтылды. Депутат Нилуфар Алимжанова муну 10-январда Жогорку Кеңеште тастыктаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты