Депутат: «Экс-министр Руслан Казакбаев кайда барат, эмне иш кылат?»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралды.

Анда депутат Русланбек Жакышов мурдагы министр Руслан Казакбаев мындан ары кайда иштей турганын сурады. «Руслан Айтбаевич эки оор учурда эки жолу министр болду. Азыркы учурда экс-министр эмне иш кылып жатат, кайда барат? Ошол тууралуу айта кетсеңиз», — деп сурады депутат.

Жээнбек Кулубаев Руслан Казакбаев учурда эс алып жатканын айтты. «Экс-министрди президент өзү кабыл алып сүйлөшкөн. Рулан Айтбаевич «мага эки ай убакыт бергиле, ден соолугумду карап, эс алып алайын» деп айтты. Биз ага тышкы саясий иштер боюнча иш карап бергенге даярбыз деп айтканбыз. Кийин суранса иш карап беребиз», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты