Дагестан: Куралчан боевиктер чиркөөгө жана синагогага кол салышты

23-июнда кечинде куралчан боевиктер Дагестанда, Дербент жана Махачкала шаарларында чиркөөгө жана жергиликтүү синагогага кол салышты.

Бул тууралуу Baza-телеграм каналы билдирди.

Дагестандын ички иштер министрлиги болжол менен саат 18:00 дө православ храмына жана жергиликтүү синагогага кол салынганын тастыктады.

Куралчан терррористтерлин төртөө жок кылынганын Дагестандын ички иштер министрлиги билдиргени тууралуу маалыматтар жарыя болду.  

Кеминде 9 киши каза болгону маалымдалды, алардын жетөө полиция кызматкерлери.

Бул окуя боюнча теракт беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты