CPJ: Былтыр дүйнөдө 99 кабарчы каза болду, бул 2022-жылга салыштырганда 44% көп

  • 2 месяца мурун

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) эл аралык уюму бүгүн 15-февралда кабарчылардын коопсуздугу боюнча жылдык баяндамасын жарыялады.

Баяндамада айтылгандай, 2023-жылы дүйнө жүзүндө 99 журналист жана медиа тармагында иштеген кызматкер каза болду. Бул 2015-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч жана 2022-жылга салыштырганда 44% көп.

Дүйнө жүзүндө журналисттердин укугун жана сөз эркиндигин коргоо менен алектенген бул көз каранды эмес жана коммерциялык эмес уюм кабарчылар катардагы жаран катары караларын жана аларга кол салуу согуш кылмышы деп бааланарын белгиледи.

Былтыр каза болгон журналисттердин 72си Газа секторунда Израил менен ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) ортосундагы согуш башталган алгачкы үч айда набыт кеткен. Алардын көбү палестиналыктар, үчөө ливандык жана экөө израилдик жаран болгон.

Cүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты