COVID-19: Бир жумада 1091 учур катталды
- 3 года мурун
25-31-июлга чейинки бир жума аралыгында Кыргызстанда COVID-19дун 1091 жаңы учуру катталды
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Амбулатордук дарыланууда — 911, ооруканада жаткандар – 180. Пандемия башталгандан бери өлкөдө оорунун 203 776 учуру катталган.
2022-жылдын 7 айында жалпысынан COVID-19дун 19 028 учуру катталган, анын ичинен 17 034 (89,5%) лабораториялык жана 1994 (10,5%) клиникалык-эпидемиологиялык түрдө ырасталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү