COVID-19: 63 учуру аныкталды. Эки бейтап көз жумду
- 3 года мурун
4-декабрга карата Кыргызстандагы COVID-19дун 63 учуру катталды.
Анын ичинде:
Бишкек – 31;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу – 5.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Өлкөдө коронавирустун жалпы 183 573 учуру катталды.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 72 киши. Жалпы — 178 550.
Каза болгондор — 2, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Жалпы — 2757.
Стационарда 394 жана амбулатордук түрдө 389 адам дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү