COVID-19: 370 учуру катталды. Төртөө көз жумду
- 3 года мурун
26-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 370 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек – 243;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 71;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 18;
Баткен облусу – 15.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Кыргызстанда коронавирустун жалпы 196 602 учуру катталды.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 510 киши. Айыгып чыккандардын жалпы саны- 184 538.
Каза болгондор — 4. Жалпы — 2858.
Стационарда 1118 жана амбулатордук түрдө 6583 адам дарыланып жатат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү