Чындап мыйзам үстөмдүгү болсо, 11 журналисттин баары акталышы керек эле

  • 3 дня мурун

Бүгүн, 10-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттерге өкүм чыгарылды.

Ленин райондук сотунун чечимин журналисттердин бири — Сайпидин Султаналиев мындай комментарийледи:

«Бизде мыйзамдуулук орноп калдыбы деп ойлодук эле. Тилекке каршы, биздин арабыздан абакка кесилгендер да болду. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Эгерде Кыргызстанда чындап мыйзам үстөмдүгү орногон болсо, анда биздин журналисттерибиздин бардыгы акталышы керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок» деди Султаналиев.  

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.   

Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.    

Бул күнү да, өткөн жолкудай, сот залына отурумду чагылдырууга барган журналисттерди сот залына киргизишкен жок. Андан кийин өкүмдү угузаарда да кабарчыларды киргизишкен жок.

3-октябрда Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өттү.

26-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда камактагы төрт журналисттин баш коргоо чарасы каралып, алар кайрадан камакта калтырылды.

Сотто мамлекеттик айыптоочу 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү жана үй камагына чыгарылган журналисттерди сот залынан камакка алууну суранган.

4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык даттануусу каралган. Бишкек шаардык соту апелляциялык даттанууну канаттандырган эмес. Төрт журналистке карата Ленин райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калтырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты