Чынара Эсенгул: Тышкы саясатта Садыр Жапаров изоляцияда турат (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө тышкы саясат жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт ЧЫНАРА ЭСЕНГУЛ Казакстандагы окуядан кийинки сабактар, Кыргызстандын эл аралык мамилеси, тышкы саясаты тууралуу сереп салат.

-Тышкы саясат эки тараптуу мамиле да, биз каалай бергенди жасай албайбыз, тигил тарап да кабыл алыш керек. Бул жагынан биздин Президент Жапаров кандайдыр бир деңгээлде  изоляцияда турганы көрүнүүдө. Президенттер менен оңой сүйлөшүп кете албай, кичине жерип, кабыл албагандыгы бар, Батыш  болобу же ЖККУ блогу болобу.

Анан бир жагынан кыргыз-тажик чек ара окуясынан, Тажикстан өзүнүн кыларын кылгандан кийин, кыйкырып-кыйкырып эле калып калдык.

Дүйнөлүк коомчулуктун реакциясын карап келсек, Орусия унчуккан жок, Тажикстанды колдогондой позицияда болду десек болот. Жеңиш парады өтүп, Тажикстанды чакырды. Ошол  кезде биздин Президент эмнеге Душанбеге баратат дегендей сөз жүрдү. Рахмонго өзүнчө сыйлык берип. Ошого катышып келгенин да биздикилер көп жактырган жок.

Бирок ал жакка Президент Жапаров эмнеге барды? Анткени ошол топтон чыгып калбайын деп. Ошол сүйлөшүүлөрдү биз угуп калышыбыз керек. Ал учурда Афганистанда кооптуу жагдай болуп жаткан, талибдер анда келе элек эле. Талкууга барбай койсо, Кыргызстан катышпай, укпай калат,  өзүнүн сөзүн айта албай, кызыкчылыгын коргой албай калат.  Андай жерлерге, тышкы саясаттын келечегине караганда, барыш керек.

Бирок Жапаров ошол замат кызыктуу салым кошо алат же Кыргызстан мамлекет катары реалдуу ролду ойной алат, башка мамлекеттердин Президенттери кандай кабыл алат деген да маселе бар. Муну ар кайсы деңгээлден карап келсек болот.

Менимче, Кыргызстандын азыркы тышкы саясаты солгундап калган. Анткени эң башында эле легитимдүүлүккө байланышты,  Батыш дагы кабыл албай жатты, демократиялуулуктан, мыйзамдуулук талаасынан чыгып кеттиңер деп, 2020-жылдагы окуялардан кийин, көп жактырбай турушту, шайлоолорду кабыл албай.

Мен өлкөнүн тышкы саясатына баа бере албайм, жемиштүү, анализ кыла турган нерсе деле боло элек, изоляцияда болуп калдык.  

Ал эми Казакстанда өткөн жумада болгон окуялардын негизинде карап келсек, бизге Казакстан окуяларынан эң негизги сабак — элдеги реалдуу болуп жаткан маселени түшүнүп, анан чечим кабыл алуу. Эмне үчүн Кыргызстан-Тажикстан чек арасында жаңжал чыкты? Эмне үчүн кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилбейт?

Социалдык-экономикалык болобу, саясий болобу, канчалык оор болсо дагы, ал стратегиялык маселеде чечим кабыл алыш керек.  Кабыл алгандан кийин жоопкерчиликтен качпаш керек.  

Башкаруу системасында жоопкерчиликти алуу, маселени тереңдепей чечүү, коомчулуктун муктаждыгын изилдөөлөр, мониторинг аркылуу билүү. Мисалы МАИни ИИМге бергени кайсы талдоонун негизинде алынганын негиздеп берсе, ынанат  элек. Анан жөн эле биз чечтик дегенде түшүнбөй калып жатабыз. “Кустуруу” саясаты да ошондой болууда. Ким, эмнге, канча “кусту”, эмнеге негизделип берилди?  Бюджетке ошол түшкөн акчаны кантип сарптап жатасыңар, ошонун баарын ачык-айкын ойлонуштуруп, элге жеткирип, түшүндүрүү.  Ошондо биз башкаруунун планы бар экенине ишенебиз. Ошондой башкаруу жөнүндө айтып жатам.   

Эл менен болгон коммуникация мурдагы Совет өлкөлөрүндө жакшы жолго коюлган эмес. Ынандыруу, иликтөө системасы жолго коюлган эмес. Казакстанда ички байланыш болбой калгандыгы, коррупциянын улуттук деңгээлге чыгышы. Ички маселе чечилбегенде, дайыма тышкы күчтөр пайдаланып кетишет. Тышкы күчтөргө жем болбош үчүн, эл менен коммуникация, бийликке ишеним, ошол маселенин үстүндө иштешибиз керек.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты