Чолпон-Атада “Рух Санат” дүйнөлүк фестивалы салтанаттуу ачылды

  • 11 месяцев мурун

Кечээ, 1-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда “Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул ири маданий иш-чарага дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн 100дөн ашык аткаруучу, изилдөөчү жана эксперттер чогулду.

Фестивалдын башкы максаты — дүйнөлүк салттуу маданий мурастарды даңазалап, эл аралык маданий диалогду өнүктүрүү. Биринчи күн чет элдик делегацияларды тосуп алуу менен башталып, кызыл тасма кесилип, жети негизги локация көрүүчүлөргө тартууланды. Балдар сахнасында жаш таланттар өнөр көрсөтсө, подкаст-студияда маектер жана музыка жазуусу болду.

Комуз формасындагы пирсте кол өнөрчүлүк, улуттук жөрөлгөлөр жана салбуурун өңдүү элементтер көрсөтүлүп, фестивалга өзгөчө өң берди. Башкы сахнада гала-концертке даярдыктар жүрүп, продюсерлер, артисттер жана долбоор өкүлдөрү үчүн атайын маркет-аянтча уюштурулду.

Фестивалдын расмий бөлүгү концерттик залда өтүп, ага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана башка кадырлуу коноктор катышты. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев фестивалды расмий түрдө ачык деп жарыялады.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Эл аралык илимий конгресс ишин баштап, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо маселеси талкууланууда.

Кечинде чоң концерт уюштурулуп, чет элдик жана кыргызстандык ансамблдер сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашты.

“Рух Санат” фестивалы 2-3-август күндөрү да уланат. Программада концерттер, мастер-класстар, илимий жолугушуулар орун алып, иш-чаралар бардык меймандар үчүн ачык болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты