Чолпон-Ата: Президент Жапаров казак министрин кабыл алды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 1-августта президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгы, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси талкууланды.

Ошондой эле бул жолугушууда белгилүү болгондой, жакында Казакстандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ушул жума ичинде Чолпон-Атада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты