Чек арадан «мыйзамсыз өтүүгө» айыпталып тажик түрмөсүндө жаткан кыргыз жараны көз жумду

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги тажик түрмөсүндө жаткан 1953-жылкы кыргызстандык жаран каза тапканын билдирди. Мындан улам элчилик бул жарандын өлүмүнүн себебин калыс, адилет иликтөөнү өтүнүп Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.

Элчилик тараткан маалыматта маркум чек арадан «мыйзамсыз өткөн» деген айып менен эки жылга соттолгон жана №6 абакта жатканы айтылат. Элчилик бул жаран качан кармалып, соту качан болгонун тактаган жок.

Айрым бир маалыматтарга караганда, ал Кудайберди Бекмуратов атуу жаран.

Буга байланыштуу тажик тарап расмий комментарий бере элек.

Тажикстандын Хожент облусуна караштуу Гафуров райондук соту былтыр ноябрда «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыпталган кыргызстандык үч жаранга өкүм чыгарган. Ага ылайык, Айдарбек Хайдаров менен дагы бир жаран эки жылга эркинен ажыратылган. Ал эми үчүнчү кыргызстандык 18 жылга кесилген. Буга байланыштуу кыргыз бийлиги да, тажик тарап да маалымат берген эмес.

Ноябрда расмий Дүйшөмбү чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып менен кармалган кыргызстандык үч жаранды бошоткон. Дагы үчөө кийинчерек бошотулары айтылган. Кыргызстанда да ушундай айып менен кармалган тажикстандык эки жаран кое берилген.

Сентябрь айынын соңунда Лейлек району менен чектеш аймактарда Тажикстандын чек арачылары он чакты кыргызстандыкты кармаган. Баарына «чек араны мыйзамсыз кесип өттү» деген айып коюлган. Алардын айрымдарынын туугандары бийликке кайрылуу жасап, 44 жаштагы Саидакмат Артыков менен 24 жаштагы Айдарбек Хайдаровдун жакындары бийликке бир нече жолу кайрылып, жакындарын бошотууга жардам сураган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты