Чек ара кызматы: «Саат 11:15те тажик тарап Достук айылын миномет менен аткылай баштады»

  • 2 года мурун

Саат 11:15те Достук айылы тажик тараптан минометтук аткылоо болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик тарап Достук айылын көздөй үч минометтук эсеп менен ок чыгарган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза болгон. Ал эми жаңжалдан жабыркагандардын саны 103кө жетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты