Чакан ишкердик субъекттерди салыктан бошотуу тууралуу жарлыкка кол коюлду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү  жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Бул жарлыкта жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошотуу каралган.

Жарлыкта Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кабыл алынганы айтылат.

Жылдык жүгүртүүсү 8,0 млн сомго чейин товарларды  жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттерди бардык салыктарды төлөөдөн бошотууну караган мыйзам долбоорлорун киргизүү Министрлер кабинетине сунушталды.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты