Чүй облусунун Александровка айылында үйлөнүү тойдон кийин массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду
- 11 месяцев мурун
2025-жылдын 5-сентябрында болжол менен саат 23:17де Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Александровка айылында балдардын мушташы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Чыр 2025-жылдын 1-сентябрда үйлөнүү тойдо башталып, кийинчерээк балдардын массалык мушташына айланган.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз борбору билдирди.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, милицияга 21 адам жеткирилип сурак жүргүзүлүп, жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган. Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Бул факты боюнча 2007-жылы туулган Х.К., Ю.Ф., Л.Т., Д.А., 2006-жылы туулган Д.А. жана 2004-жылы туулган Я.А. жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда окуяга катыштыгы бар балдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы




