Чүй облусунда мыйзамсыз миграция каналына бөгөт коюлду
- 12 месяцев мурун
Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз миграция каналын уюштурган жарандар жана аларга көмөк көрсөткөн ИИМ кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Т.И.А. жана Т.А.И. аттуу жарандары, ИИБнын О.А.М. аттуу кызматкеринин жардамы менен, уруксат берүүчү документтери жок чет элдик жарандарды өлкөгө алып келип, эмгек ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз тартууга катышкан.
2025-жылдын 30-июлунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 3 уюштуруучу жана 19 чет элдик жалданма кызматкер кармалган.
Муну бөлүшүү




