Чүй облусунда куткаруучулар суу каптаган айылдардагы кырдаалды жөнгө салууда
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 24-мартта, Чүй облусунун Жайыл районунда аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Суусамыр айыл аймагына караштуу Кайсар айылында жана Чүй районундагы Ибраимов айыл аймагынын Арпа-Тектир айылында жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун суу каптады.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Куткаруучулар суу каптаган айылдардагы кырдаалды жөнгө салып жатышканы кабарланды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!