Чүй облусунда элдик дарыгерлик шылтоосу менен алдамчылыка шектелген аял кармалды
- 3 недели мурун
Instagram социалдык тармагындагы блогердин баракчасында М.Э. аттуу жаран Токмок шаарынын кичи районунда элдик дарылоо деген шылтоо менен элдин каражаттарын алдап, ошондой эле аларга кредит алдыртып, каражаттарды өзүнө алып жүргөндүгү жазылган. Бул факт катталып, текшерүүнүн жүрүшүндө М.Э. жергиликтүү тургундардан ар кандай шылтоолор менен акча алгандыгы аныкталган.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Токмок шаарынын милиция бөлүмүнө Н.Ж. аттуу жаран кайрылып, М.Э. өзүн элдик дарыгер катары тааныштырып, анын ишенимине кирип, 1 500 000 сомун алдап алганын билдирген.
Бул факты боюнча алдамчылык, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошондой эле милицияга дагы эки жаран ушуга окшош арыз менен кайрылган. Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы




