Чүй облусунда бир нече тоноо фактысына шектүүлөрдүн бири кармалды
- 7 месяцев мурун
Чүй облусунда тоноо фактысы боюнча төрт шектүү жаш кишилер аныкталып, алардын бири кармалды.
Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 17-ноябрда Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 16-ноябрда болжол менен саат 01:00 чамасында Кайназарова көчөсүндө ага Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаадан түшкөн үч жаш балдар “чалып алалы” деп телефон сурап, бирок бири арыз ээси Т.И.ни ургулап, телефонун тартып алып, автоунаа менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкендиги жазылган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр аныкталган. Алар: 2006-жылы туулган Ш.И., 2009-жылы туулган Ж.Д. жана К.Б., 2010-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар. Алардын арасынан Ш.И. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жарандардын дагы төрт тоноо фактысына жана алдамчылык фактысына катышы бар экени аныкталды.
Сүрөт: Чүй ОИИБ басма сөз кызматы




