Быйыл талааларды чегиртке каптады
- 11 месяцев мурун
Быйылкы жылы республика боюнча акыркы 12-20 жылда кездешпеген учур болуп, талааларды чегиртке каптады. Бул тууралуу суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги билдирди.
Жаздын эрте келиши, кургакчылык, ошондой эле май айындагы болуп көрбөгөндөй ысык аба-ырайы зыяндуу чегирткелердин чыгышына себеп болду
Чегиртке республиканы түшүмгө коркунуч туудурган негизги зыянкечтердин бири болуп эсептелет.
2-июлга карата өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте республика боюнча 144 673 гектар аянтта зыяндуу чегирткелердин очокторун аныктоо боюнча изилдөө ишин жүргүзүштү. Анын ичинен 103 696 гектар аянтта зыяндуу чегирткелер табылган.
2025-жылдын 27-31-май күндөрү Кыргызстандын жана Өзбекстандын өсүмдүктөрдү коргоо адистери чек ара аймактарында зыяндуу чегирткелердин очокторун аныктоо жана аларга каршы күрөшүү максатында изилдөө жана мониторинг жүргүзүштү. Ошондой эл Казакстан менен чектешкен аймактарда да мониторинг жүргүзүлдү.
Сүрөт: Интернет булактарынан




