Британия тажик мигранттарына эшигин ачууда

  • 2 года мурун

Тажикстандын миграция кызматы Улуу Британияга 500 тажикстандыкты айыл чарба жумуштарына жөнөтүүнү пландоодо.

Күн мурун эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин миграция кызматы Тажикстандын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилиги менен Улуу Британияда айыл чарба жумуштарына иштөөнү каалай тургандарды тандай баштаганын билдирген. Жумушка 22 жаштан 45 жашка чейинки жалпы деңгээлде англис тилин билген жарандар чакырылууда.

Маалыматка караганда, тажик жарандары Улуу Британияга өз эсебинен барышат. Сезондо алар күнүгө 8 сааттан иштеп, ар бир саат үчүн 12 доллардан алышат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты