Ботаникалык бакты реконструкциялоо үчүн болжол менен 340 млн сом талап кылынары аныкталды 

  • 1 месяц мурун

Бишкектеги Гареев атындагы Ботаникалык бакты толук жана комплекстүү реконструкциялоо үчүн болжол менен 340 млн сом талап кылынары аныкталды. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ботаникалык бакка барганда айтылды.  

МинКаб сайтындагы маалымат боюнча, Ботаникалык бактын кызматкерлери жана жетекчилиги бул уникалдуу жашыл аймакты сактоо, өнүктүрүү жана модернизациялоо жөнүндө маалымат беришти. Ботаникалык бакты толук жана комплекстүү реконструкциялоо үчүн болжол менен 340 млн сом талап кылынары аныкталган. 

Жолду реставрациялоо, жөө жүргүнчүлөргө арналган тарабын көрктөндүрүү, сугаруу, суу менен камсыздоо жана дренаж системаларын калыбына келтирүү жана модернизациялоо; сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдүн коллекцияларын толуктоо жана жаңы экспозицияларды түзүү менен дендрологиялык фондду жаңыртуу жана кеңейтүү кирет.

Адылбек Касымалиев Ботаникалык бактын маанисин өзгөчө белгилеп, бак борбор калаанын тургундары үчүн маанилүү рекреациялык зона гана болбостон, бүткүл Кыргыз Республикасы үчүн негизги илимий-изилдөө базасы болуп саналат деп белгиледи.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты