Борбор шаардын Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү калыбына келтирүү үчүн жабылат
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында 13-октябрдан тартып, Ауэзов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен У.Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү реабилитациялоо үчүн убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, оңдоо иштеринин алкагында асфальт төшөлүп, тротуарлар калыбына келтирилет.
Мэрия убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




