Борбор шаарда 10-кичи райондогу көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарынын 10-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринен өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:03тө Октябрь райондук №5 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт чүрүүчү эки унаа тартылган.
Өрттөн бир киши жабыркап,жеринде тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.
Сүрөт: ӨКМ Бишкек башкармалыгы
Муну бөлүшүү




