Болотбек Борбиев Чикагодогу башкы консул болуп дайындалды
- 12 months мурун
Борбиев Болотбек Ибраимович Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Болотбек Борбиев 1967-жылы 24-апрелде Жалал-Абад облусунуну Токтогул районунда туулган.
1991-жылы – Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультети аяктаган.
Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүм башчысынын орун басары (2007-2008-жж.), Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы (2008-2010-жж.), 2010-жылы өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.
Сүрөт: RFE/RL
Муну бөлүшүү