Антальядагы башкы консул дайындалды

  • 2 месяца мурун

Бакыт Кадыров Түркиянын Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Бакыт Кадыров Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.

Анталья шаарындагы башкы консул болуп Рустам Кошонов кызматтан бошотулган. 

Сүрөттө: Бакыт Кадыров

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты