«Бизди апабыздан ажыратты». Президентке кайрылуу (Видео)

  • 1 год мурун

Жол кырсыгынын айынан апасынан ажыраган балдары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Маалыматта айтылгандай, Hond Fit үлгүсүндөгү унаа кызыл жарык күйүп турганына карабастан, жолдон өтүп кетип, 50 жашар Миргүл Айткулованы коюп кеткен. Айткулова үч күндөн кийин жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Жакындарынын айтымында, жол кырсыгына күнөөлүү деп шектелген кишини үй камагына чыгарышкан. Маркумдун балдары президент Садыр Жапаровдон жана укук коргоо органдарынан бул ишке көңүл бурууну суранды. Видео тасма «Короче» Телеграм-каналына жарыяланды.

«ПолитКлиника» редакциясы жол кырсыгынын катышуучуларынын экинчи тарабына да сөз берүүгө даяр экенин билдирет.

Сүрөт: Видео тасмадан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты