Бишкектин Свердлов районунун акими болуп Медер Амангелдиев дайындалды
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими Капарбек Адиев кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. Свердлов районунун акими болуп, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп иштеп келген Медер Амангелдиев дайындалды.
Муниципалдык инспекциянын башчысынын функциялык милдеттерин аткаруу жетекчинин орун басары Касымбек Керимовго жүктөлдү.
Тиешелүү буйрукка борбор шаардын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Сүрөттө: Медер Амангелдиев
Муну бөлүшүү




