Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт
- 1 год мурун
Бүгүн, 27-февралда, айрым турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы:
-Кийизбаева — Мамбетов — Курманжан Датка көчөлөрү. Саат 10:00дөн 20:00гө чейин;
— Ахунбев – Ш.Руставели – Тыналиев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин;
— Саманчин — Малдыбаев — Байтик Баатыр — Сүйөркулов — Тыныстанов — Малдыбаев — Ахунбаев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 14:00гө чейин.
Шаардагы таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкектин “Ак-Жар”, “Ак бата”, “Келечек” конуштарында 27-февралда саат 09:00-17:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулары кабарланган.
Ичүүчү суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




