Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте 14-июлда саат 10:00 — 17:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Өчүрүү району көчөлөрү менен чектешет:

Чыңгыз Айтматов проспекти – Ахунбаев көчөсү – Айни көчөсү– Табалдиев көчөсү– Балтагулов көөсү– Ала-Арча суусу.

Диаметри 300мм болгон бурама тээкти орнотуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу токтотулат.

«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Буга чейин Фрунзе көчөсү-Жибек Жолу проспекти-Абдрахманов көчөсү-Ибраимов көчөсү; Фрунзе көчөсү-Жумабек көчөсү-Сүйүмбаев көчөсү-Ибраимов көчөсү менен чектешкен жерде, 15-июлда саат 09:00дөн 24:00гө чейин таза суу өчүрүлө турганы айтылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты