Борбор шаардын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

  • 11 месяцев мурун

15-июлда саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу өчүрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

— Фрунзе көчөсү — Жибек Жолу проспекти — Абдрахманов көчөсү — Ибраимов көчөсү;

— Фрунзе көчөсү — Жумабек көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Ибраимов көчөсү.

Диаметри 400 мм болгон Киров скважинасындагы аварияны жоюуга байланыштуу суу токтотулат.

“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты