Бишкекте Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча шаардык штабтын жыйыны өттү

  • 10 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча шаардык штабтын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жайнак Ибрагимов, вице-мэрлер, район акимдери, шаардык кызматтардын жетекчилери, мугалимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Мэр Президенттин шайлоо мыйзам чегинде жана ачык өтүшү керектиги тууралуу кайрылуусун баса белгилеп, мугалимдерге шайлоо комиссияларында иштөөгө тоскоолдук жаратпоону жана жардам көрсөтүүнү тапшырды. Тартип сакчыларга мыйзамдуулукту камсыз кылуу, ал эми акимдерге эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

1-октябрда түзүлгөн шаардык штаб шайлоону уюштурууга көмөктөшөт. Бишкекте 4 шайлоо округу түзүлдү:

№21 (Ленин району) – 60 УИК

№22 (Октябрь району) – 60 УИК

№23 (Первомай району) – 55 УИК

№24 (Свердлов району) – 60 УИК

Жалпысынан 235 участкалык шайлоо комиссиясы бекитилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты