Бишкекте “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтөт

  • 2 года мурун

18-январдан 28-январга чейин Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде шаардык Балдар сүрөт мектебинин 40 жылдыгына арналган “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын ар кайсы жылдарда жасаган эмгектеринин ретроспективасы тартууланат.

Чыгармалар сүрөт искусствосунун түрдүү жанрларында: сүрөт, живопись, графикада тартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты