Бишкекте жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

  • 10 месяцев мурун

21-22-август күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу, коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкерлери тартылат.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта белгиленгендей, делегация кортежи өткөн учурларда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет: “Манас” аэропортунан мамлекеттик резиденцияга, андан кийин Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин чектөө болот.

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты