Бишкекте жөө адамдар өтчү жерден 22 жашар кызды унаа коюп кетип, каза болду  

  • 1 месяц мурун

Бишкекте 16-мартта болжолдуу саат 17:40та Түштүк магистраль тараптан жөө адамдар өтчү жерден 22 жашар кызды унаа коюп кетип, кыз окуя болгон жерде каза болгон.

Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.  

Окуя Түштүк магистраль тарапта жөө адамдар өтчү жерде болгон, Бах көчөсүнөн Тыналиев көчөсү тарапка үч унаа жолдо бараткан, алардын экөөнүн айдоочулары кызды көрүп, токтогон, ал эми «Мерседестин» айдоочусу токтобостон, кызды сүзүп кетип, анын кесепетинен кыз жан берген.

Бул жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталганы маалымдалды.

Сүрөт: Жол-кайгуул кызматы


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты