Бишкекте унаа тетиктерин саткан жайдан өрт чыккан
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Каралаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу жайдан чыккан өрт 25-июлда саат 18:37де толук өчүрүлгөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 26-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, темир контейнерден салынган жалпы аянты 55 ч.м. унаа тетиктерди сатуучу дүкөндөр, жанаша салынган бөлмө, 10 аккумулятор жана диван күйгөн. Өрттүн жалыны дүкөнгө жакын токтоп турган “Рено-Логан” үлгүсүндөгү унаага өтүп, салону өрттөнгөн.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок экендиги, анын келип себеби такталып жаткандыгы белгиленди.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү