Бишкекте текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы кыргыз-корей бизнес-форуму болуп өттү

  • 9 месяцев мурун

9-августта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилиги жана экономикалык дипломатия департаменти тарабынан КР экономика жана коммерция министрлиги жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен бирге кыргыз жана корей текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы экинчи кыргыз-корей бизнес-форуму уюштурулду. Ага кыргыз жана корей компанияларынын 100дөн ашык өкүлдөрү катышты.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Корей тараптан иш-чаранын уюуштуруучулары катары Кореянын Боёк жана дизайн технологиялары институту (DYETEC) менен Кореянын алдыңкы долбоордук технологиялар институту (KIAT) чыкты.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө кыргыз жана корей тараптар Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайы жана дүйнөдөгү текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары жана технологиялары боюнча презентацияларды жасашты.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн кызыкдар компанияларынын ортосунда B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн байланыштар түзүлдү.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова өз сөзүндө корей тарап менен жеңил өнөр жай тармагында ийгиликтүү кызматташууну баса белгилеп, айрыкча быйыл тараптардын биргелешкен аракети менен Бишкекте экинчи жолу кыргыз-корей бизнес-форуму өтүп жатканын белгиледи.

Ал форум жыл сайын өткөрүлө турганын белгилеп, тармакты өнүктүрүүгө, дүйнөлүк рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга салым кошоруна ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге, элчи Кыргызстан башка өлкөлөр менен аба байланышынын географиясын кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин кошумчалады.

Бул контекстте быйыл Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамдары ачылып, бул иш-чара эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектри боюнча саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-корей мамилелеринин өнүгүшүнө кошумча түрткү болорун баса белгиледи.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты