Бишкекте  «Шашлычная №1» кафеси буздурулууда

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте Тыналиев көчөсүнүн №2/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 16 000 чарчы метрди түзгөн «Шашлычная №1» кафеси ижара келишиминин токтотулушуна байланыштуу буздурулууда.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал жакта мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Мекеменин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менчик ээлери объектти өз ыктыяры менен бузуу милдетин алышты.

Жер тилкелерин ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен «Шашлычная №1» кафесинин ээлерине ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган.

Аталган объектти курууда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, райондун тургундарынын мекеменин ишмердүүлүгүнө карата даттануулары, чыр-чатактуу кырдаалдар орун алгандыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты