Бишкекте Шабдан баатыр жана Будённый көчөлөрүнүн кесилиши жабылат
- 4 недели мурун
Бишкек шаарында, 21-майдан 27-майга чейин, жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу, Шабдан баатыр жана Будённый көчөлөрүнүн кесилиши жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мунун негизинде, оңдоп-түзөө иштери бүткөнчө №16, 135 жана 21 автобустун жүрүү кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранып, алдын ала жолуңузду пландап, мүмкүн болсо жеке унаа ордуна коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү