Бишкекте өрттөн бир киши каза тапты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 17-декабрда, түнкү саат 02:14 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Васильевский тракт көчөсүндө жайгашкан автобазанын аймагында курулуш фирмасынын кампасынын 50 чарчы метри  күйгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Ага бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт саат 05:17 толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепитинен К.Н. 45-50 жаш чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылган жана ИИМ кызматына өткөрүлүп берилди.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты