Бишкекте мас абалындагы айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну өлтүрө сүзүп алды

  • 3 года мурун

Бишкекте мас абалындагы айдоочу оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну өлтүрө сүзүп алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 01:55тер чамасында 20 жаштагы И. Б. аттуу айдоочу мас абалында “Мазда-Демио” унаасы менен Горький жана Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинен ошол жерде иштеп жаткан “Аргын-Курулуш” ишканасынын 27 жаштагы Т. Ы. аттуу кызматкерин сүзүп алган.

Жол кырсыгынын натыйжасында Т. Ы. ошол жерде көз жумган.

Унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда тийиштүү соттук-медициналык, автотехникалык экспертизалар дайындалып,тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты