Бишкекте “Кыргызстандын элинин тынчсыздануусу жана үмүтү” аттуу фотокөргөзмө өтөт

  • 2 года мурун

24-ноябрь саат 15:00до Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Гулиза Урустамбек кызынын “Кыргызстандын элинин тынчсыздануусу жана үмүтү” аттуу фотокөргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Көргөзмө 24-ноябрдан 8-декабрга чейин уланат.

Фотожурналист Гулиза Урустамбек кызы тарабынан даярдалган “Кыргызстандын элинин тынчсыздануусу жана үмүтү” аттуу фотодолбоор Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган. Фотодолбоордо республиканын ар кайсы региондорунда жашап, көптөгөн кыйынчылыктарга карабай өз ишин сүйүп иштеп келе жаткан он адамдын бир күндүк жашоосу чагылдырылган.

Долбоордо Кыргызстандын караңгы шахталарында иштеген шахтерлор, күн сайын 10 чакырым жолду жөө басып келип, иштеген фельдшер, өлүктөрдүн арасында күн кечирген соттук-медициналык эксперт, зымсыз чек араны коруган аскер, талкаланган заводдо иштеген инженер жана тоо койнунда илбирстерди коруган егерь сыяктуу он кесиптин ээсинин жашоосу сүрөттөлөт. Бул фотобаяндардын баары “ПолитКлиника” медиасынын сайтына жана дагы башка бир катар жергиликтүү медиаларда жарыяланган.

Фотодолбоордун максаты — Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери медицина, билим берүү, искусство жана экономика тармагына кандай көңүл бурулганын жөнөкөй адамдардын жашоосу аркылуу көрсөтүп берүү.

Фотожурналистика Кыргызстанда анча өнүкпөгөн жанр болсо дагы бул фотодолбоор өзгөчө аймактардагы адамдардын жашоосун, жумушсуздук маселесин жана экономикалык кыйынчылыктарды башка өңүттөн кароого мүмкүнчүлүк берет.

Бул көргөзмө Гулиза Урустамбек кызынын алгачкы көргөзмөсү. Анын фотодолбоорлору “ПолитКлиника” медиасынан сырткары, “Анадолу” (Түркия), “Getty İmages” фотоагенттиги (АКШ) сыяктуу чет өлкөлүк маалымат каражаттарында дагы жарыяланган.

Аталган долбоор MediaJasa долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жана “İDEA CAнын” каржылоосу менен ишке ашырылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты