Бишкекте кафе буздуруу боюнча белгилүү вице-мэр Орунтаев архитектура жана курулуш агенттигинин директору болуп дайындалды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарында кафелерди буздуруу менен белгилүү болгон вице-мэр Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган агенттиктин директору Мырзабек Жыпаркулов кызматтан бошотулду.

Нурдан Орунтаев вице-мэрлик кызматта кафелерди буздуруу иши менен белгилүү болгон. Бишкектин “Жал” кичирайонундагы “Батуми” кафесинин буздурулушуна байланыштуу вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына УКМК кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Н.Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев вице-мэр Нурдан Орунтаевге мындан ары кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин белгилени айтылган.

Сүрөтnө: Нурдан Орунтаев. akipress.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты