Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100дөй киши эвакуацияланган   

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө 15-апрелде түнкү саат 23:58те куткаруучулар жардамга барышкан.  

Өрт подъезддин биринде 1-10-кабатка чейин орнотулган электр калканчынан чыгып, ичин түтүн каптагандыктан, 100дөй адам эвакуацияланган. Тилсиз жоо саат 24:48де өчүрүлгөн.

Алдын ал жыйынтык боюнча, өрт электр шаймандарын колдонуудагы эреженин бузулушунан келип чыккан деген жыйынтык чыгарылган.

Сүрөт: Видеодон алынды.   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты